Сайда 8 саат жаттык. Аскер маркум чек арачынын эрдигин айтып берди

Сайда 8 саат жаттык. Аскер маркум чек арачынын эрдигин айтып берди

Тажикстандын кол салуусунан улам окко учкан Кыргызстандын аскер кызматкерлеринин арасында прапорщик Кулатбек Абдисамат уулу да бар.

Ал Баткен районундагы Орто-Боз чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан. Ал 16-сентябрь күнү кол салган жоо менен кармашып жатып курман болгон.

Кулатбек Абдисамат уулу менен салгылашта бирге болуп, жараат алган аскер Reporter.kg′ге маркум досу жана кармаш тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Кулатбек Абдисамат уулу башында турган төрт аскер Үч-Дөбө тоосунда тажик аскерлеринин чабуулуна каршы туруп, салгылашкан. Тажик тарап миномет, гранатомет менен катуу чабуул жасап, беш жоокерге бир убакта октор учуп, снаряддар жаап турган. Ал кармашта үч жоокер баатырларча курман болгон.

«Саат 10:00до атышып баштаганбыз. Биз беш киши болчубуз. Атышып жатканда тажик аскерлери биздин айылдан өтүп, арттан келишти. Алар бизге жакындап келгендиктен, жакынкы салгылаш башталды. Болжол менен үч саат атыштык. Тигилер аткан снаряддын сыныгы мага жана бир балага тийди. Ал экөөбүз жакыныраак турганбыз. Биз кансырап, атыша албай калганда  Кулатбек Абдисамат уулу «Экөөңөрдөн кан көп кетип жатат, ылдый түшкүлө», — деди.

Тоодон ылдый шыпырылып түштүк. Ылдый түшкөндө калган үчөө атышып жаткан. Жарым сааттай атышышты. Биз сайдын ичинде жатканда ачуу үн чыкты. Ошондо аларды курчап келип атып салган болушу мүмкүн. Сайдын ичинде 21:00го чейин 8 саат жаттык. Эч ким келбегендиктен 21:00дордо Ак-Татыр айылынын жолуна чейин басып бардык», — деди ал. 

Кулатбек Абдисамат уулунун достору жоо менен аягына чейин кармашып, Мекен үчүн жанын берген Абдисамат уулуга окшогон баатырлар мамлекеттин көңүл сыртында калбай, татыктуу баасын алып, артында калган балдарына, үй-бүлөсүнө кам көрүлүшү керектигин айтышат.

Аскерлер менен бирге чек араны коргоого чыгып, октон жарадар болгон Ак-Сай айылынын тургуну Азатбек Фахридинов мындай дейт:

«Ал аябай мекенчил, жакшы бала болчу. Сөзүнөн кайтпаган, бирөөнүн акысын жебеген адам болгон. Досум шейит кетти. Аларга катуу чабул болуптур. Балдар катуу туруштук берген. Бирок жардам барбай, ошол жакта окко учту. Кулатбек беш баланын башчысы болгон. Эки балага ок тийип, кан көп кеткендиктен аларды ылдый түшүрүптүр. Тажиктер тороп келип, аркы жагын атса берки, берки жагын атса аркы жагынан аткылоо болуп турган. Миномет менен аткылаган. Анын жанында болгон баланына айтымында, Кулатбек аягына чейин аткылашкан. Турган жеринен бир карыш жылбаптыр».

Азатбек Фахридинов чек арада каза болгон жоокерлерге, анын ичинде Кулатбек Абдисамат уулуна «баатыр» наамын берүү керек деген ойдо.

«Буйруса аларга «баатыр» наамын берет деген ойдомун. Алар «баатыр» наамын албаса, баатырлар каякта болот деп ойлойм. Басып кирип келген айылыңды коргоп курман болгон балдар мен үчүн баатыр. Аларды Кыргызстандын баары баатыр деп эсептейт го дейм. Сыртта жүргөн адамдарга ал жердеги согуш билинбеши мүмкүн, бирок ал жерде катышкан адамдар согуш кандай болгонун билет», — деди ал.

Кулатбек Абдисамат уулу 31 жашта Мекенин коргоп курман болду. Анын аркасында 5 баласы жана жубайы калды.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>