Вучич кызматтан кетти. Ал парламенттик шайлоого катышатКыргызстандык кикбоксчулар Дүйнө чемпионатында 4 медаль утуштуКүзгү салкын жана тоолуу райондордогу жаан: 28-сентябрга карата аба ырайыГутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылды
Ташиев: Аскерлер арасында жоготуулар көп болду – видео
17.09.2022 | 01:57
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта аскерлердин арасында жоготуулар көп болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди (маалымат 16-сентябрь саат 23:15терде берилген).
Анын айтымында, жоготуулардын саны такталууда.
“Конфликт деген ушундай экен. Жоготуулар ар дайым болот экен. Биздин жоготуулар негизинен аскер кызматкерлери арасында болду. Ачык айтайын, канча жоготуу болгонун дагы деле тактап жатабыз. Бирок тилекке каршы жоготууларыбыз көп. Жарадар болгондор да көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготууларыбыз азыраак болду. Аз эле болду деп айтса болот. Себеби аларды убагында эвакуация кылып, чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом