Чек ара чыры: Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон сүйлөштү

Чек ара чыры: Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана ТР мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле, Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда эртең менен кайрадан ок атышуу башталган. Чек ара кызматы билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Чек арадагы абал боюнча акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>