УКМК: Тажикстан Кыргызстандын жерин басып алууга аракет кылууда

УКМК: Тажикстан Кыргызстандын жерин басып алууга аракет кылууда

Тажикстан Кыргызстандын жерин басып алууга аракет кылууда. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Тажикстан кагылыш болгон жерге оор аскерий техникаларын тартууну улантып, Кыргызстандын аймагын бардык арсеналдары менен аткылоодо.

Учурда чек арадагы бардык периметрде кагылышуу болууда. Чек ара кызматы Тажикстандын аскерий агрессиясынын мизин кайтарууда.

Ошол эле учурда чек арадагы абалды жөнгө салуу боюнча иштер жүрүзүлүүдө.

УКМК Чек ара кызматында Тажикстан тараптын агрессиясынын мизин кайтарууга күч жана ресурстары жетиштүү экенин белгилейт жана так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырат.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалга байланыштуу билдирүү таратып, анда «тажик тарап буга чейинки макулдашууларды бузуп, Кыргызстандын чек арасынын бүткүл периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге чыккынчылык менен кол салды», — деп билдирген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда. Чек арадагы акыркы маалыматтар бул шилтемеде. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>