Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Бир мандаттуу 3 шайлоо округунда ЖК депутатын шайлоо башталды
28.04.2024 | 09:42
Бүгүн саат 08:00дөн тарта №2 Баткен, №7 Ош жана №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округдарында Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо башталды.
БШКдан билдиришкендей, үч шайлоо округунан жалпы 30 талапкер депутаттыкка ат салышууда. Анын ичинен:
– №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан – 10;
– №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан – 13 талапкер, анын ичинен бирөө аял;
– №9 Кара-Суу бир мандаттуу шайлоо округунан – 7.
Ошондой эле аталган үч шайлоо округунан контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны төмөндөгүдөй:
– №2 Баткен бир мандаттуу шайлоо округунан — 112 миң 495;
– №7 Ош бир мандаттуу шайлоо округунан — 125 миң 344;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар