Ошто жүзүн жашырып жүргөн 28 жаранга 20 миң сомдон айып пул салындыБШК: Соцтармакта “лайк” басуу же маалымат бөлүшүү да админресурска киретТалас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржылады
Бир жумада алтындын унцийи арзандады
21.10.2022 | 19:01
Бүгүн, 21-октябрда Улуттук банктан алтын куймасынын унцийи элден 140 миң 366 сомдон сатылып алынууда. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.
Бир жума мурун, 14-октябрда унций баасы 143 миң 439,5 сомго жеткен. Ошентип, трой унциясы 373,5 сомго же 37,32 долларга арзандады.
Ошол эле учурда, кайра сатып алуу баасы күн ичинде бир аз жогорулады. Кечээ куйманын баасы 139 миң 905,5 сомду түзүп, бир сутка ичинде 460,5 сомго же 6 долларга өскөн.
Улуттук банктын бир унцийин сатуунун баасы 166 миң 276 сом экенин кошумчалайбыз.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика