«Бирик» саясий партиясынын мүчөсү алдамчылык менен кармалды

«Бирик» саясий партиясынын мүчөсү алдамчылык менен кармалды

Бишкекте ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-октябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда,  жабырлануучу “6-сентябрда ал досуна эки жуманын ичинде Лексус 570 алып берем деп 100 миң доллар берген. Бирок ал убадасын аткарган жок”- деп кайрылган.

Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен катталган.

Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган И.К. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга катыштыгы бар экенин иликтөөдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

  • Кылыч Исмамбетов буга чейин социалдык тармакта каралоо жүрүп жатканын жазган. Ал эми ишкер Илгиз Шаменов болсо «агасынан Исмамбетов 100 миң доллар алып Лексус 570 үлгүсүндөгү унаа алып келип берем»- деп  качып жүргөнүн айтып чыккан болчу.

Кылыч Исамбетов «Бирик» саясий партиясынын мүчөсү. Өткөн парламенттик шайлоодо «Мекен ынтымагы» партиясынын алдыңкы сабында шайлоого аттанган. Шайлоо таза өтпөгөндүктөн нааразылык жаралып, президент Сооронбай Жээнбековдун бийлиги кулап, Садыр Жапаровдун бийлиги орногон.

 Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>