«Радуга» пансионатындагы өрт толугу менен өчүрүлдү. Төрт коттедж күйүп кеткенКыргызстандыктарга электр жабдууларын колдонуу көлөмүн азайтуу сунушталуудаАстанада билим жана илим боюнча эл аралык форум өтүп, ага Токаев катыштыЫсык-Көлдө «Радуга» пансионатынын коттедждери күйүп жатат«Кыргызкомур» тогуз айдын жыйынтыгы менен туруктуу өсүштү көрсөттүАвтоблогер Настя Туман: Дагестанды кыргыз номурлуу Changan автоунаалары каптады
Бир жумада өлкө боюнча 22 миң 800дөн ашык жол жүрүү эрежеси бузулду
28.04.2025 | 14:55
21-27-апрель күндөрү Кыргызстанда 22 миң 817 жол жүрүү эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка ылайык, төмөнкү эреже бузуу фактылары аныкталган:
- Тиешелүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу — 765 ф;
- Алкоголдук ичимдик ичип автотранспорт башкаруу — 323;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;
- Жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол кыймылынын эрежелерин бузуу — 327;
- Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 3 миң 866;
- Автохулигандык — 24;
- Белгиленген ылдамдык чегин ашыруу — 3 миң 521;
- Жасалма мамлекеттик номер менен унаа башкаруу — 6;
- Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу — 13 миң 857.
Ошондой эле жол эрежесин бузуудан улам 2 миң 862 автоунаа айып жайына киргизилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом