БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бир жумада өлкөдө 172 мас айдоочу кармалды
04.11.2024 | 16:48
Кыргызстанда бир жумада 172 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-октябрдан 3-ноябрга чейин өлкөдө 15 миң 968 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 351 унаа айып короого коюлган.
Жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 417 ;
- Мас абалында унаа айдагандар – 172;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 48;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 511;
- Унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 677;
- Автоээнбаштык – 7;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 619;
- Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу – 2;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 миң 515.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом