Кыргызстан менен Жапония кош салык салууну болтурбоо боюнча макулдашуунун долбоорун талкууладыБишкекте заманбап балдар оорукана имараты ишке берилдиКыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалымат кербени өтүүдөКыргызстандын ИДПсы 2025-жылдын тогуз айында 1,24 триллион сомго жетти«Таксист-маньяк»: Кумарбектин кылмыштарынын коркунучтуу хронологиясыМадагаскарда президент өлкөдөн качып, бийлик аскерлердин колуна өттү
Бир жумада өлкөдө 253 мас айдоочу кармалды
03.12.2024 | 11:05
Кыргызстанда бир жумада 253 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, 25-ноябрдан 1-декабрга чейин өлкөдө 20 миң 57 жол эреже бузуу катталып, 2 миң 22 унаа айып короого коюлган.
Бир жумада аныкталган жол эреже бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаргандар – 858;
- Мас абалында унаа айдагандар – 253;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар – 74;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 369;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 261;
- Автоээнбаштык – 3;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 594;
- Башка жол эреже бузуулар – 12 миң 14;
Рубрики: Жаңылыктар, Коом