Бир жуманын ичинде бардык өткөрүү пункттарында «Бириктирилген пост» тутуму иштей баштайт

Бир жуманын ичинде бардык өткөрүү пункттарында «Бириктирилген пост» тутуму иштей баштайт

Бир жума аралыгында Талас районундагы «Чоң Капка» өткөрүү пункттарында автоунаалардын номерлерин бекитүүчү камералар ишке киргизилип, «Бириктирилген пост» тутумуна бириктирилет. Бул тууралуу өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Артем Новиков билдирди.

«Түндүк» ишканасына тийиштүү мамлекеттик органдар менен биргеликте, республикада иштеп жаткан бардык өткөрүү пункттарында автоунаалардын номурларын белгилөө үчүн камераларды ишке киргизүү маселесин чечүү тапшырылды. Бул товарларды жеткирүү менен алектенген унааларга мамлекеттик чек арадан өтүүдө коррупциялык тобокелдиктерди жоюуга мүмкүндүк берет. Биздин аймакка ташылып келген товарлардын ар бир бирдиги эске алынмайынча, аткезчиликке каршы натыйжалуу күрөш болбойт».

Ошондой эле, Новиков өтмөктүн кеңдигин кыскартып, жүк ташуучу унаалардын «Бириктирилген постту» айланып өтүшү үчүн тыюу салынган жол белгисин орнотуу керектигин белгиледи.

«Чек ара кызматы бирдей маалыматка ээ, ал эми салык кызматы такыр башка маалыматтарга ээ экенине таң калбайм. Жүк ташуучу унаа салык кызматкерлерине жетпейт, анткени кенен жол бар», — деп айтты өкмөт башчынын милдетин аткаруучу.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>