Бир жыл депутат болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды

Бир жыл депутат болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды

«Ата Журт Кыргызстан» партиясынан шайланып Жогорку Кеңештин депутаты болгон Чынберди Төлөнов мандатын тапшырды.

Белгилүү болгондой, ал ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган. БШК 16-декабрда аны карап, Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты.

Анын бош калган мандаты «Ата Журт Кыргызстандын» талапкерлеринин тизмесинде кийинки орунда турган Жайлообай Нышановго тапшырылды.

Эскерте кетсек, Чынберди Төлөнов жасалма диплом үчүн мандатынан ажыратылган Фархат Исмаиловдун ордуна келген. Төлөновго депутаттык мандат 2023-жылы 21-ноябрда берилген.

Жогорку сот Исмаиловду депутаттык мандаттан ажыратууну мыйзамдуу деп тапты

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>