Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Кыргызстан Бириккен Араб Эмираттарына 100 тонна эт жөнөтөт
07.10.2022 | 10:54
Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Халал индустриясын өнүктүрүү борборунун жардамы менен ата мекендик “Торо” эт компаниясы “Al Sileitiin Trading Company” менен Бириккен Араб Эмираттарына ай сайын жаңы муздатылган “халал-адал” козусун алып келүү боюнча келишим түздү. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
Келишимде жалпы көлөмү 50 тоннадан 100 тоннага чейин жеткирүү үч этап менен жүргүзүлөөрү көрсөтүлгөн.
БАЭ рыногуна айыл чарба жана тамак-аш продуктыларын жеткирүү үчүн, ал ушул продукцияны импорттоо боюнча учурдагы талаптарга жооп бериши керек. Эреже катары, төмөнкү шайкештик сертификаттары талап кылынат.
- Ветеринардык сертификат:
- “Халал” сертификаты (мамлекеттик);
- Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө сертификат;
- Фитосанитардык сертификат;
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика