Баткенде заманбап медициналык борбор курулат

Баткенде заманбап медициналык борбор курулат

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен жеке заманбап медициналык дарт-аныктоо борбору курулат. Бул тууралуу өкүлчүлүк маалымдады.

Маалыматка караганда, долбоор ОКӨФнун түз каржылоосу менен ишке ашырылууда. Насыя каражаты курулуш-монтаждоо иштерин бүткөрүүгө жана медициналык жабдууларды сатып алууга жумшалат.

Учурда Баткен облусунда урологиялык ооруларды операция кылуучу адистештирилген медициналык мекемелер жок. Көптөгөн бейтаптар Бишкек, Ош же Өзбекстандын медициналык борборлоруна кайрылууга аргасыз. Бул долбоорду ишке ашыруу облустун тургундарынын сапаттуу медициналык жардамга жетүүсүн жеңилдетет.

Квалификациялуу медицина кызматкерлери калкка кызматтардын кеңири спектрин, анын ичинде эндоурологиялык, эндохирургиялык жана эндотравматологиялык операцияларды көрсөтөт. Клиника күнүнө 100гө чейин бейтапты кабыл ала алат.

Стационардык бөлүм 30 койкалуу 13 палата менен көрсөтүлөт. Акыркы жабдыктардын аркасында операциялар хирургиялык кийлигишүүсүз жасалат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>