УКМК: Нарында бала бакчада иш жүзүндө иштебеген кызматкерлерге айлык төлөнүп келгенЖогорку Кеңеш ЕАЭБдин Монголия менен соода келишимин ратификацияладыМарлен Маматалиев «75 аксакалдын каты» боюнча билдирүү жасадыАнтимонополдук кызмат: Кыргызстанда КММ бааларынын кескин көтөрүлүшү күтүлбөйтКыргызстанда тоок жумурткасынын баасы турукташтыКыргызстандын дзюдо боюнча курама командасы Кытайдагы Азия чемпионатына катышат
Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык учуп келди
11.06.2020 | 17:23
Бириккен Араб Эмирлигинен 187 кыргызстандык өлкөгө кайтып келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
«Fly Dubai» авиакомпаниясынын учагы менен Дубай-Бишкек каттамы боюнча учуп келгендердин арасында балдар да бар.
Учардын алдында бардык жүргүнчүлөр коронавирус инфекциясына экспресс-тесттерди тапшырышты, бардыгынын жыйынтыктары таза болуп чыккан.
Учурда бардык учуп келген мекендештер бекитилген тартипте тийиштүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жиберилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом