Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы жүрүүдө
27.06.2023 | 09:00
Биринчи класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, биринчи этабында мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.
Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн, уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.
II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом