Кувейт фонду Кыргызстанда нейрохирургиялык борбор курат

Кувейт фонду Кыргызстанда нейрохирургиялык борбор курат

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында  26-июндагы жыйынында «2016-жылдын 11-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фондунун ортосундагы «Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну денонсациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Ратификацияланган макулдашуунун негизги максаты дарылоо-диагностикалык жабдыктары бар заманбап комплекс менен жабдылган нейрохирургиялык борборду куруу болуп саналат. Борбордо нейрохирургиялык багыттагы ооруларга жогорку адистештирилген чукул жардамдар берилип, устат адистер даярдалат.

Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу тийиштүү инфраструктура түзүлүп, техникалык каражаттар алынат, андан тышкары, сапаттуу жана коркунучсуз нейрохирургиялык кызматтарды көрсөтүүгө, калк өлүмүн азайтууга багытталган заманбап медициналык техникага, ошондой эле адистештирилген диагностикалык жана дарылоо кызматтарына муктаждык жоюлат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>