Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Бишкек: 11 жаштагы Алиана изделүүдө
03.07.2022 | 12:39
Бишкекте 2011-жылы туулган Дүйшөкеева Алиана Руслановна дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-июль күнү Биринчи Май РИИБге кыздын атасы кайрылып, кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, таап берүүнү сураган. Кыз ошол эле күнү Владимировская көчөсүндөгү үйүнөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен.
Белгилери: бою 140 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара ийинге чейин, көзү кара, бети тоголок.
Кийген кийим: чачында ободогу болгон, үстүндө футболка, шорта, бутунда жашыл түстөгү бут кийим болгон.
Сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, (0312) 56-60-43; (0312) 67-01-13; (0703) 10-22-61 номурларына чалсаңыздар болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом