Маликов Токмоктогу окуяга: Исламда эже- карындаштарынын ар намысын коргогондорго күнөө жок

Маликов Токмоктогу окуяга: Исламда эже- карындаштарынын ар намысын коргогондорго күнөө жок

Токмок шаарында карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы атып салган окуя боюнча Кадыр Маликов динде бул ишке кандай баа берилерин айтты.

«Коом сиздин жакындарыңыздын өмүрүнүн коопсуздугуна, ар-намысына жана кадыр-баркына кепилдик бербесе, мен жооп кайтарбай коё албайм. Асел менен анын бир тууганынын иши менин оюмча өкүнүчтүү окуя. Кандай гана эркек болбосун, карындашын, аялын, кызын зордук-зомбулуктан коргойт дегенге көпчүлүк кошулат деп ойлойм.

Бул прецедент болуш керек (мыйзам чыгаруучулар үчүн) анткени биздин эже-карындаштарыбыз, кыздарыбыз корголбойт! Балким өзүн-өзү коргоо, өмүрдү коргоо, ар-намысты коргоо, сот арачыларынын ишин киргизүү жана башка.

Албетте, бул учурда экспертиза дайындалат, териштирүү жүрүп жатат ж.б.у.с. Эгерде баары чын болуп чыкса, анда бир туугандын кылык-жоруктары акталыш керек (ачуулануу, кырсыкты эске алуу менен) .

Көпчүлүк менден исламда бул кандай болуп калат деп сурап жатышат.

Жараткандын алдында өз жакындарынын – жубайларынын, эже-карындаштарынын, кыздарынын ар-намысын, өмүрүн коргогондор үчүн эч кандай күнөө жок. Тескерисинче, ислам коргогонду колдойт жана кубаттайт.

Бирок эң жаманы – кайдыгерлик. Бул окуяда башкалардын (айдоочу, жүргүнчүлөр) жүрүм-туруму. Бирок бул ар бирибиздин үй-бүлөбүзгө таасир этиши мүмкүн», — дейт Кадыр Маликов.

Карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы атып салган окуя боюнча акыйкатчы үн катты

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>