Кооптуу: Бишкекте жарамазан айткан балдарга байланыштуу көзөмөл күчөтүлөтАт-Башыда архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылдыЖаз: 1-мартка карата аба ырайыИранда кыздар мектебине жасалган авиасоккудан 40тай киши каза болгону айтылуудаТегеранды каптаган «Каардуу айкырык»Иран Израилге жана Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик объектилерине сокку урду
Бишкек: Айдоочу унаасы менен сүзүп алган жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилди
02.02.2022 | 11:42
2022-жылдын 1-февралында 2004-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү авто унаа менен Бишкектин Чүй көчөсү менен бара жатып, Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен 2006-жылы туулган М.А.аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын натыйжасында өспүрүм тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Ал эми айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилип, авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Азыркы учурда баардык тийишүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом