ТСЖнын отчеттуулугунан жаныбарларды коргоого чейин — Дастан Бекешев мыйзам долбоорлору тууралууКРда ыдык көрсөткөндөргө айып, камак жана абак жазасы сунушталдыБишкектин көчөсүндө кызды курал менен коркуткан шектүү кармалдыБишкектеги Г. Айтиев атындагы музейде арт-терапия өтөтКыргызстанда учактарды тейлөөгө карата талаптарды күчөтүү пландалуудаКурулушту кечиктирген ишканаларга жаңы объектилерди курууга уруксат берилбейт
Бишкек: Айдоочу унаасы менен сүзүп алган жөө жүргүнчү ооруканага жеткирилди
02.02.2022 | 11:42
2022-жылдын 1-февралында 2004-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу “Volkswagen Passat” үлгүсүндөгү авто унаа менен Бишкектин Чүй көчөсү менен бара жатып, Калык Акиев көчөсүнүн кесилишинен 2006-жылы туулган М.А.аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган.
Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жол кырсыгынын натыйжасында өспүрүм тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.
Ал эми айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилип, авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.
Азыркы учурда баардык тийишүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом