Дастан Жумабеков: Тамекинин кымбатташы элге оор болуп кетти

Дастан Жумабеков: Тамекинин кымбатташы элге оор болуп кетти

Тамекинин кескин кымбаттап кетиши элдин чөнтөгүнө чоң зыян алып келбейби?  Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков парламент жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтуловго берди.

“Тамеки тартпаш керек. Мен аны колдоймун. Саламаттыкты караш керек. Бирок, тамекинин кескин кымбаттап кетиши элдин чөнтөгүнө чоң зыян алып келбейби?  Айлык-акыга салыштырмалуу оордук болбойбу?  Силер элди да ойлошуңар керек. Тамеки тарткан элге оор болуп атат. Жүз пайыз тыштан сатылып келе жаткан товарга көз каранды болгондон соң, жеңилдик сураш керек.  Бул кымбаттоолор ЕАЭБ өлкөлөрүнө тең бирдей  кымбатоо болсо, Казакстан, Орусия өңдүү өлкөлөрдүн тамекилеринин баасы менен Кыргызстандагы тамекинин баасы бирдей болушу керек.   Ал өлкөлөрдө чылымдын наркы биздикине салыштырмалуу арзан деп угуп жатабыз. Ал өлкөлөрдүн жарандарынын айлык акылары жогору турат, биздики төмөн.  Эгерде, тамекинин баасын дагы көтөрсөк дагы көтөрүлөт. Социалдык бир чыңалууга алып келип коюшу мүмкүн”- деди депутат

Ал эми Салык кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Умтулов болсо тамекинин баасын көтөрү боюнча мыйзам долбоорунун келип чыгуу себебин түшүндүрдү.

“Салык кодекси боюнча 2018-жылдан бери  тамекинин баасы жыл сайын 250 сомго көтөрүлүп турат. 2022-жылдан баштап тамекилерге ставка 2250 сом коюлган. Былтыр 2000 сом болчу.  2024-жылга чейин 35 еврого жетиши керек” – деди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>