Бишкек-2 — Балыкчы жүргүнчү поездинин каттамы сентябрда токтойт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек — Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тагыраагы айтканда июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.
Аталган каттам 2023-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда