Коргоо ордерине карабай, жубайына зомбулук көрсөткөн. Бишкекте 49 жаштагы жаран кармалдыЭксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштырууда
Бишкек: Ботаникалык бак электрсиз бир күн жашай алат
25.01.2022 | 16:33
Э. Гареев атындагы Ботаникалык бакта жылуулук берүү токтосо бир суткадан кийин өсүмдүктөр үшүп кетет. Бул туурасында Reporter.kg′ге бакчанын кызматкерлери билдирди.
Маалыматка караганда, бул жолку электр энергиясынын өчүүсү бакчага терс таасирин тийгизген жок. Бирок, бир күнгө созула турган болсо өсүмдүктөр үшүп калат.

Ушул тапта өсүмдүктөр өз нугунда өсүп жатат. 2018-жылы жылуулук системасында аварияга туш болуп, өсүмдүктөрдүн 90 пайызы үшүккө учурап жок болуп кеткен. Аны кайра калыбына келтирүүгө көп эмгекти жумшашкан. Күнөсканадагы өсүмдүктөрдү сактап калуу үчүн атайын мештерге от жагып, аябай аракеттерди кылганы менен сактап кала алышкан эмес.

Генераторлорду же башка ыкмалар менен жылуулук берүү үчүн аракеттер көрүлгөн эмес.








Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар