«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын башкы директору Дүйшөн Ирсалиев кызматтан алынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министри Садыр Жапаров кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.
Дүйшөн Ирсалиев аталган кызматка 2015-жылдын ноябрь айында дайындалган. Ага чейин Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы кызматтарын аркалган.