Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Болгариядагы дүйнө чемпионатына катышатЖээнбек Кулубаев менен Монголиянын элчиси өнөр жай долбоорлорун талкуулаштыБишкекте өспүрүмдүн кызыл өңгөчүнө сөөк тыгылып калып, операция аркылуу алынды«Кыргызнефтегаздагы» коррупция ишине шектелген Байгазы Матисаков абактан бошотулдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланган окуя боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте 6 жашар бала иттерге таланып, ооруканага түштү
Бишкек-Хужанд аба каттамы туруктуу ишке кирет
07.04.2025 | 14:18
Эртең, 8-апрелден тарта “Asman Airlines” компаниясы Бишкек – Хужанд (Тажикстан) эл аралык каттамын туруктуу ишке киргизет. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” мекемесинин басма сөз катчысы Алена Хоменко «Фейсбук» баракчасында билдирди.
Каттам ар жуманын шейшемби күндөрү каттайт. Билеттин баасы 8 миң сомдон башталат.
Белгилей кетсек, 13-мартта Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кыргыз-тажик аба каттамдарын жандантуу боюнча келишимге кол коюшкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом