Айбек Жунушалиев: Мүлктү басып алуу ниетибиз жок

Айбек Жунушалиев: Мүлктү басып алуу ниетибиз жок

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Айтматов проспектисин кеңейтүү боюнча коомчулукка бир тараптуу маалымат тарап жатат дейт.

Жогорку Кеңештин Агрардык комитетинин жыйынында калаа башчысы Айтматов проспектисинде муниципалдык жерлерге мыйзамсыз курулуштар бар экенин белгиледи.

Алсак, Айтматов проспектисинин батыш тарабында жайгашкан 68 объекти кызыл сызыкка чыгып кеткен.

«68объект боюнча билдирүү жөнөткөнбүз, анын ичинен 32 объект муниципалдык жерге курулган. Бул эмне үчүн айтылбай жатат? Ооба, кызыл китеби бар 36 үй  бар. Бирок Союз убагында, 1940-50-жылдары жеке менчик деген түшүнүк болгон эмес. 1999-жылдан тарта Жер кодекси кабыл алынган. Бишкектин башкы планы 1970-жылы түзүлүп,  2006-жылы уланган.

Жарандардын мүлкүн тартып алуу ниетибиз жок,  жолдор кеңейтилип, социалдык же мамлекеттик мекемелер курулуп жатат. Жөндөн-жөн мыйзамсыз эч ким эч нерсени бузбайт»,-деген ал.

Эске сала кетсек, Ч. Айтматов проспектиси А. Масалиев проспектисинен  Семетей көчөсүнө чейин кеңейтилип, жол алты тилкелүү болору маалым болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>