Бишкектеги таштанды полигонунда өрт чыкты: мэрия өрт атайылап коюлушу мүмкүн экенин билдирдиКыргызстанда 2027-жылы IV КМШ оюндары өтөтКубанычбек Айбек уулу Азия оюндарында кураш боюнча коло медалга ээ болдуКыргызстан менен Гонконг кош салык салууну жоюуну көздөөдөБелгилүү диктор Тамара Жаманбаева дүйнөдөн кайттыКыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы
Соттолгон 631 жаранга паспорт берилди
07.04.2025 | 17:00
Кыргызстандын түрмөлөрүндө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 жаранга паспорт берилди. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, аталган институттун кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган.
Мындан улам акыйкатчы Жамиля Жаманбаева соттолгондорго документ берүү маселесин көтөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга расмий каттарды жиберген.
Натыйжада түрмөлөрдө соттолуп жаткан 631 жаран паспорт алышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом