Бишкек мэриясы быйыл алты негизги көчөнү оңдоону пландоодо (тизме)

30.03.2024 | 11:25

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын алты негизги көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү планын жарыялады.

Мэриядан билдиришкендей, борбордун көчөлөрү жарактан чыгып жатакандыгынын бирден бир себеби шаардагы жолдун көпчүлүгү мындан 18-20 жыл мурда салынган бойдон азырга чейин колдонулууда. Талап боюнча асфальт жолдо 8-10 жыл аралыгында эле эксплуатация мөөнөтү аяктайт.

Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:

– Чүй проспектиси Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейин;

– Ж. Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен А. Масалиев проспектисине чейин;

– И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин;

– М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

– Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин оңдолот.

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top