“Лексус” унаасын алып, акчасын бербей кеткен. Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

“Лексус” унаасын алып, акчасын бербей кеткен. Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, деп билдирди Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 22-мартта облустук милицияга Ош шаарынын 1988-жылы туулган Д.К. аттуу жараны арыз менен кайрылган.

Анда 2023-жылдын күз мезгилинде С. аттуу сырттан тааныган   жаран анын ишенимине кирип, “Лексус” үгүсүндөгү автоунаасын 650 000 (алты жүз элүү) миң сомго баалап алып, акчасын берем деп, бирок ар шылтоону айтып, бербей из жашырып кеткендигин көрсөткөн.

Арыз каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлгөн. Чолгултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө аракеттери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 29-мартта кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган, мурда соттолгон, ИИМдин каттоосунда  уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган. А.уулу С. аттуу жаран кармалды. Учурда терөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>