Бишкек мэриясы быйыл алты негизги көчөнү оңдоону пландоодо (тизме)

Бишкек мэриясы быйыл алты негизги көчөнү оңдоону пландоодо (тизме)

Бишкек шаарынын мэриясы шаардын алты негизги көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүү планын жарыялады.

Мэриядан билдиришкендей, борбордун көчөлөрү жарактан чыгып жатакандыгынын бирден бир себеби шаардагы жолдун көпчүлүгү мындан 18-20 жыл мурда салынган бойдон азырга чейин колдонулууда. Талап боюнча асфальт жолдо 8-10 жыл аралыгында эле эксплуатация мөөнөтү аяктайт.

Калаа бийлиги төмөнкү көчөлөрдө капиталдык оңдоо жүргүзүүнү мерчемдеп жатат:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Айтматов көчөсүнө чейин;

— Ж. Абдрахманов көчөсү Жибек-Жолу проспектисинен А. Масалиев проспектисине чейин;

— И. Ахунбаев көчөсү Ч. Айтматов көчөсүнөн Ж. Пудовкин көчөсүнө чейин;

— М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

— Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин оңдолот.

Ал эми Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>