Ташиев менен Ятимов Баткенде кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

Ташиев менен Ятимов Баткенде кыргыз-тажик чек арасын талкуулады

29-мартта Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын жетекчилери кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын чечиле элек аймактарын делимитациялоону улантуу маселесин талкуулоо менен эки мамлекеттин чек арасын аныктоодо олуттуу натыйжаларга жетишти, ошондой эле Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна бул багыттагы ишти улантуу боюнча конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>