Кыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгилендиСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады20-март: Айрым аймактарда жаан жаайтReporter.kg MBANK кеңсесинин ишин баалады: Операторлор кантип иштейт жана алдамчылардан кантип коргошот?Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирди
Бишкек мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимге өтүүдө
30.12.2022 | 20:29
Шаардык муниципалитетте Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында мэрлердин орун басарларынын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана район акимдеринин катышуусунда жыйын өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Мэр орун басарларына жана шаардык кызматтардын жетекчилерине муниципалитеттин бардык түзүмдөрүн жаңы жылдык майрамдарда күчөтүлгөн режимге өткөрүүнү тапшырды.
Майрам күндөрү эффективдүү иштөө үчүн ар бир шаардык кызматтарда нөөмөт графиги түзүлүп, жооптуу кызматкерлер коюлган.
Борбор калаанын мэри муниципалитеттин милдети жаңы жылдык майрамдарда шаардыктарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү экенин белгиледи.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар