UWW: Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын дүйнөдөгү мыкты балбаны

UWW: Жоламан Шаршенбеков 2022-жылдын дүйнөдөгү мыкты балбаны

Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 2022-жылдын эң мыкты балбаны деп табылды. Мындай чечим Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) тарабынан кабыл алынды.

Быйыл Кыргызстандан бир спортчу алты турнирге катышып, 6 медалга ээ болгон.

Шаршенбеков Дүйнө чемпиондугун, Азия чемпиондугун жана Ислам оюндарында жеңишке жетишкен. Турлыханов кубогунун рейтингдик турниринде да коло байгеге ээ болгон. Кошумчалай кетсек, кыргызстандык Владислав Питласински кубогунда күмүш, Дан Колов — Никола Петров турниринде коло байгени алган.

Бул жыйынтык ага 55 000 упай топтоп, 60 кг салмакка чейинки UWW рейтингинде 1-орунду ээледи.

Буга чейин Акжол Махмудов Азияда 2022-жылдын мыкты балбаны деп табылган.

Эркин күрөш боюнча 2022-жылы дүйнөнүн мыкты балбандары деп Нонока Озаки (Жапония) менен Таха Акгүл (Түркия) таанылды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>