УКМК Ош облусунда ири курал-жарак сакталган жайды жок кылдыКыргызстандын бийлиги айылдардагы ичүүчү сууга тарифтерди системаларды тейлөөгө кеткен реалдуу чыгымдарга шайкеш келтирүүнү пландап жатат7-март: Айрым аймактарга жаан, кар жаайтИчүүчү суунун тарифтерин тейлөө чыгымдарына ылайык жөнгө салуу сунушталдыБазар-Коргон районунда баасы 850 млн сомдон ашкан эки каналдын курулушу башталдыМөөнөтү өтүп кеткен 10 тонна кондитердик азыктар аныкталып, өрттөлдү
Бишкек: Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда – сүрөт
03.05.2022 | 15:36
Шаардык милиция күчөтүлгөн режимде күнү-түнү кызмат көрсөтүүнү улантууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Май майрамдарына жана дем алыш күндөрүнө карата борбор калаанын милиция кызматкерлери калаанын жарандарынын жана конокторунун коомдук коопсуздугун камсыздоо үчүн күчөтүлгөн режимде күнү-түнү иштеп жатат. Бишкекте абал тынч, коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда дароо жакынкы милиция кызматкерине кайрылып, 102 кыска номуруна чалууну эскертет.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом