Жеңиш күнүндө аскердик техниканын көргөзмөсү болот

Жеңиш күнүндө аскердик техниканын көргөзмөсү болот

Жеңиш күнүндө аскердик техниканын көргөзмөсү болот. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 9-майда Жеңиш аянтында Бишкек гарнизондук аскерлердин өздүк курамынын катышуусунда 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өтөт.

«Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана тыл эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбор калаанын тургундары жана коноктору катышат. Түштүк дарбазадан салттуу эл аралык “Өлбөс полк” акциясы башталат.

Коргоо министрлиги эскерүү датасын утурлай Бишкек гарнизондук аскерлердин өздүк курамынын салтанаттуу маршынан өтүү жана Экинчи дүйнөлүк согуштан калган курал-жарактарды жана аскердик техникаларды көргөзмөгө даярдоо боюнча окуулар өтүп жатканын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>