Бишкек-Москва-Бишкек авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкек-Москва-Бишкек авиа каттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкек-Москва-Бишкек үзгүлтүксүз авиа байланыштын саны жумасына 6 каттамга чейин көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бул иш Кыргызстан менен Орусиянын Тышкы иштер министрликтеринин сүйлөшүүсүндө ишке ашкан.

2021-жылдын 8-февралынан тартып, Кыргызстандын жарандары Бишкек шаарынан Москва шаарына «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз каттамы жана «Аэрофлот- Российские Авиалинии» авиакомпаниясынын 3 үзгүлтүксүз авиа каттамдары менен уча алышат.

ТИМ үзгүлтүксүз авиа каттамдардын көбөйүшү Covid-19на чалдыккандардын санынын олуттуу түрдө төмөндөшү менен жалпы эпидемиологиялык кырдаалдын стабилдешинен улам ишке ашып жаткандыгын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>