«Кыргызсериал» тик форматтагы сериалдар сынагын жарыяладыКыргызстанда айыл чарба техникаларынын жазгы талаа иштерине даярдыгы 89%га жеттиМосквада белгилүү сүрөтчү Семён Чуйковдун көргөзмөсү ачылатТМУ өлкөлөрү соттук-эксперттик мекемелердин бирдиктүү Түрк тармагын түзүүнү макулдаштыКыргызстанда банктык насыяларды берүү ыргагы кескин басаңдадыОштун мэри «Алай» футболдук клубуна автобус тапшырды
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда айдоочу кишини өлтүрө сүздү
09.12.2022 | 21:44
Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда кишини өлтүрө сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-декабрда саат 01:48де Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 24-чакырымында белгисиз айдоочу унаасын батыштан чыгышты көздөй айдап баратып, жөө жүргүнчү 1974-жылы туулган С.Д.Г.ны сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.
Ысык-Ата райондук милиция кызматкерлери тарабынан жол кырсыгына шектүү катары 1995-жылы туулган Г.А.А. кармалып, аталган райондук тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Мазда 626 үлгүсүндөгү унаа убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар