Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны аяктады

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны аяктады

Бүгүн, 9-декабрда Бишкекте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын башталардын алдында ЖЕЭК Төрагасы, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчыларын — Армениянын Премьер-министри Никол Пашинянды, Беларус президенти Александр Лукашенкону, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди, Россиянын президенти Владимир Путинди учурашып, тосуп алды.

Кол алышуу жана биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары ЖЕЭКтин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйындарын өткөрүштү, ага Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов да байкоочу катары катышты.

ЖЕЭК Төрагасы, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө катышуучуларды тез өнүгүүгө жетишүү үчүн жаңы чараларды жана механизмдерди аныктоо аркылуу ЖЕЭКке мүчө-өлкөлөрдүн экономикалык гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн биргелешип иштөөнү улантууга чакырды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери Садыр Жапаровго Кыргызстандын 2022-жылы Биримдикке ийгиликтүү төрагалык кылганы, ошондой эле бүгүнкү иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

ЖЕЭК жыйынынын жыйынтыгында 15 документ кабыл алынды.

2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалык Россия Федерациясына өтмөкчү.

 

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>