Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталдыБилим берүү министрлиги жана ЮНИСЕФ SMART ED долбоору боюнча билим берүүнү өнүктүрүү планын бекитиштиОштун Жибек-Жолу аймагындагы эски мектептер жаңыланып, маданият үйү жана спорт зал курулатКытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүн
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам жаракат алды
25.08.2020 | 14:00
Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 25-августта саат 9:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 83 чакырымында болгон. Анда «Хундай» жана «ВАЗ-2104» үлгүсүндөгү автоунаалар сүзүшүп, алган. «Хундай» Бишкек шаарын көздөй келе жатып, түштүк тарапка карай бара жаткан унаа менен сүзүшүп алган.
Жол кырсыгынын натыйжасында 5 адам ар кандай жаракаттарды алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар