«Гавайинин» ээси Журат Абдуллаев өз үйүндө кайтыш болдуОш мэри: Өрттөнгөн көп кабаттуу үй мэриянын эсебинен оңдолотОш шаарында көп кабаттуу үйдөн ири өрт чыктыБишкекте айдоочулук күбөлүгү жок өспүрүм катышкан жол кырсыгы болуп, бир бала каза таптыСаясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кетти
Бишкек — Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда унаалар дрон менен көзөмөлдөнөт
05.05.2025 | 12:14
Бишкек — Ош жана Бишкек — Нарын — Торугарт жолдоруна дрон белгилери коюлду. Чүй облустук ЖКККББ трассалар дрон менен көзөмөлдөнөрүн билдирди.
Башкармалык айдоочуларды жолдо телефонго алаксыбай, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежелерин так сактоого чакырууда.
Буга чейин мындай эксперимент Бишкектин айланма жолунда жасалган. Жарым сааттын ичинде инспекторлор жол эрежеси бузулган 30 учурду катташкан. Эми дрондор дайыма учурулуп турмакчы.
Рубрики: Жаңылыктар