Жогорку жаза — коомдук тынчсызданууга жоопБишкектеги кафе-ресторандарды дааратканага жарандарды акысыз киргизүүгө милдеттендирүү сунушталуудаБишкекте өзгөчө кырдаалдарга даярдык текшерилүүдөСадыр Жапаров Такаити Санаэни Жапониянын премьер-министри болуп шайланышы менен куттуктады7-8-ноябрда иш күнү бир саатка кыскартылатАйдоочулар кышка даярдангыла: ЖКККББ унааларды өз убагында текшерүүгө чакырды
Бишкек шаарынын мэри жөө жүргөнү үчүн депутаттан жеме укту (ВИДЕО)
22.02.2022 | 10:45
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жогорку Кеңештин имаратына жөө келгенин парламентте депутат Тазабек Икрамовдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, тратуарларды, бак-дарактардын абалын билүү үчүн кыска аралыктагы жерлерге жөө барат. Бүгүнкү жыйынга да жөө келген.
Тазабек Икрамов көчөдөгү аңдарды айтып, эмне себептен көрбөйсүңөр деп суроо салды.
“Чүй көчөсү менен келатып, Тынчтык көчөсүнөн өткөндөн кийинки килтейген аң турат. Ошол жерден өтүп бара жатып көрөсүздөрбү? Жөө жүрөсүздөрбү же унаа менен жүрөсүздөрбү таң калам. Өкмөттүн адамдары, мэрия?”– деп сурады.
Айбек Жунушалиев болсо ар кандай жыйындарга жөө басып бараарын айтты. Андан соң Тазабек Икрамов “унаа менен да жүрүп, жолдун аңдарын көргүлө”– деп сындады.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат