«Кумтөргө» ишке киргизем деп 10дон ашык кишиден акча алган алдамчы кармалды

«Кумтөргө» ишке киргизем деп 10дон ашык кишиден акча алган алдамчы кармалды

Ысык-Көлдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Февраль айынын башында Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жана Каракол шаарынын үч тургуну арыз менен кайрылышкан. Алар өз арыздарында 2019-жылы Нурлан аттуу жигит ишенимге кирип, «Кумтөр» ишканасына ишке орноштуруу шылтоосу менен алардан акча алып, убадасын аткарбай, акчасын да кайтарып бербей жатканын көрсөтүшкөн. Алдамчылыктан келтирилген жалпы материалдык чыгым 365 миң сомду түзгөн.

Бул билдирүүлөр Каракол ШИИБнин электрондук журналына катталып, «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иштери козголгон.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө алдамчылыкка шектүү жаран аныкталып, кармалган. Алдын ала тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышты мойнуна алган Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ш.Н. болуп чыкты.

Андан аркы тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция шектүүнүн дагы тогуз алдамчылык фактысына тиешеси бар экенин аныктады. Бардык аныкталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Шектүүнүн баш коргоо чарасы тандалып, бир айга камакка алынды. Тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>