2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Бишкек жана Чүйдө газдаштыруу: 66 субъекке жеңилдетилген насыя берилди
17.10.2025 | 15:40

Бишкек шаарын жана Чүй облусун газдаштыруу долбоорунун алкагында 66 субъекке 8,47 млн сом суммасында жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында 28-апрелде Министрлер Кабинетинин Бишкек жана Чүйдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоо-3 долбоору бекитилген.
Долбоорду ишке ашырууда «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ачык акционердик коомдору катышкан. Жалпы кредиттөө көлөмү 200 млн сомду түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом