Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкта жабыркагандарга үй, акча берилди

07.06.2024 | 11:15

Бишкек жылуулук электр борборундагы кырсыкта жабыркаган жаранга кызматтык үй берилди. Бул тууралуу ЖЭБтен билдирди.

Маалыматка караганда, ал жатаканада жашап, үй-бүлөсүн жалгыз өзү багып келген. Ал ишкананын балансындагы үйгө киргизилди.

Бишкек жылуулук электр борбору калган дагы 2 жабырлануучуга моралдык чыгым катары акча берди. Бирок суммасы айтылбайт.

Белгилей кетсек, кырсыкта жабыркаган оор абалдагы эки бейтап президенттик ТУ-154 учагы менен Түркияга жөнөтүлгөн. Алардын биринин денесинин 90 пайызы, экинчиси 80 пайыз күйүк алган. Жабырлануучулардын бети, мойну жана колу-буту күйгөн. Алар келгенден кийин Бишкекте ждарылануусун улантышкан.

https://reporter.kg/zhebtegi-kyrsykta-zhabyrkagandar-tyrkiyadan-kelishti/

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top