«Бишкекасфальтсервис» ишканасы кызматкерлерди издейт. Талаптары
“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы кызматкерлерди издейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишканага төмөнкү адистер талап кылынат:
Инженер-сметчик:
– 18 жашка толгон КР жараны;
– соттолгон эмес;
– кесиптик билими;
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы же административдик кызмат орундарынын тобун жана категориясын эске алуу менен адистиги боюнча иш тажрыйбасы;
– КР жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү чөйрөдөгү мыйзамдарды билүү;
– кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
– компьютер ж.б. техникаларды колдонуу, керектүү программарды билүү;
– тиешелүү чөйрө боюнча билимдүү жана көндүмдөр;
– кесиптик билими бар экендиги белгиленген формадагы документ.
2 КамАЗ айдоочусу
•18 жашка толгон КР жараны;
•В-С категориясындагы айдоочулук күбөлүк, тажрыйбасы 2 жылдан кем эмес;
•так жана жоопкерчиликтүү.
1 таптагыч машинист
•18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жараны;
•Айдоочулук күбөлүк тракторист, стажы 2 жылдан кем эмес;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликтүү.
10 жол жумушчусу:
•18 жашка толгон КР жараны;
•тажрыйбасы бар кесипкөй жумушчулар;
•жаман адаттары жок;
•ишке так жана жоопкерчиликүү;
•нормаларга жана талаптарга катуу ылайык иштерди аткаруу.
“Иш издеген жарандын жанында резюмеси болушу шарт. Маектешүү иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин Хвойная көчөсү, 10 дарегинде өтөт. Кенериээк маалымат үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыз: 0312377717”, – деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз