«Унаа издөө» рейди: 100дөн ашык кылмыштын бети ачылды

«Унаа издөө» рейди: 100дөн ашык кылмыштын бети ачылды

ИИмдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын демилгеси менен республиканын бардык аймагында «Унаа издөө» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара 24-25-мартта транспорт каражаттарын уурдоо, айдап качуу жана легалдаштыруу, айдоочулар окуя болгон жерден качып кеткен кырсыктардын бетин ачуу жана кылмыштардын алдын алуу максатында өткөрүлгөн.

«Унааларды ремонттоо жана сырдоо менен алектенишкен жайлар да текшерилип, жумушчулар менен алдын алуу маектешүүлөр жүргүзүлдү. Белгилей кетсек, көптөгөн айдоочулар кырсык болгон жерден изин жашырып кетишет. Айрымдары мас абалында болуп изин жашырып кетишсе, башкалары кырсык күбөсүз өтүп, андан кутулууга болот деп үмүттөнүшөт.

Алынган маалыматтарга караганда, 2023-жылдын эки айында автотранспорт каражаттарын уурдоого байланышкан 41 кылмыш жасалган. Ушул эле мезгилде 166 айдоочу жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерден качып кеткен. Анын ичинен 5 жол кырсыгы өлүм менен коштолгон. Бул айдоочулардын жоопкерчиликсиз мамилесинен жана маданиятсыздыгынан кабар берет», — деп билдирет министрлик.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаары боюнча 400 ашык кызматкер тартылып, 108 обьект, анын ичинде унаа оңдоочу, унаа токточуучу жайлар текшерилип, унааларды уурдоо менен алектенген адамдарды аныктоо жана кармоо, уурдалган унааларды тетиктерге бөлгөн жерлерди аныктоо иштери жүргүзүлдү.

«Иш-чаранын алкагында 100дөн ашык кылмыштын бети ачылды. Бишкектин Свердлов районунун аймагынан унаа уурдоого шектелген 1999-жылы туулган А.Б. уулу кармалды. Аталган жаран мурда соттолгон, алынган маалыматтар боюнча ал эркиндигинен ажыратылган жайдан жакында гана бошотулган. 

Ош шаарында мурда жасалган 24 кылмыштын бети ачылды. Мындан тышкары, рейд учурунда 34 унаа токтоочу жайга коюлса, анын экөөсү унаа кагышкандыгы, жетөө айнектери мыйзамсыз караңгылатылганы, жетөө тиешелүү документтеринин жоктугу үчүн, бир айдоочу мас абалында болгон. Жалпысынан эрежелерди бузуунун ар кандай фактылары боюнча 507 протокол түзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусунда Лейлек райондук милициясы бирөөнүн банк картасынан акча чыгарып жаткан Алай районунун тургунун (программист) кармаган.

«Лейлек районунун тургуну банк картасынан дээрлик 43 миң 800 сомун жоготуп алгандыктан, милицияга кайрылган. Кылмыш өткөн жылдын аягында жасалган, ыкчам кызматкерлерге кылмышка шектүүнү аныктоого убакыт талап кылынган. Кармоо бир күн мурда «Унаа издөө» рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө жүргүзүлгөн. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө.

Андан сырткары, Баткен ОИИБнин жана Лейлек РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан телефон алдамчылыгына шектелген жаран кармалды. Алынган маалымат боюнча алдамчынын торуна Баткен облусунун эки жашоочусу илинген. Аларды алдоо менен шектүү 120 миң жана 50 миң сомду ээлеп алган.  Телефон алдамчылыгына шектүү катары Чүй облусунун 20 жаштагы жашоочусу кармалды.  Азыркы учурда ал камакта», — деп билдирет ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>