Бишкекке кезектеги жаңы 58 автобус келди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жаңы автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын «Golden Dragon» заводунан сатып алынган.
«Автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган. Анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган», — деп айтылат маалыматта.
Автобустун ичинде видеобайкоо камералары орнотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз