Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев киши өлтүргөнүн мойнуна алган жок

Үч адамдын өлтүрүлүшү: Ашыралиев киши өлтүргөнүн мойнуна алган жок

Бүгүн, 16-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Ашыралиевдин ишин кароо улантылып, айыпталуучу көрсөтмө берди.

Бүгүнкү соттук отурумда Ашыралиев 3 адамды ким өлтүргөнү тууралуу суроого жооп берип, окуя үзүл-кесил эсинде калганын, эсинде так эч нерсе жок экенин билдирди.

Анын айтымында, маркум А. Канзаманованы кызы же ал өзү өлтүргөн болушу мүмкүн. Бирок муну божомолу гана экенин билдирди. Ал эми кыз менен баланы өлтүрбөгөнүн, аны жасаган болушу мүмкүн эмес экенин айтты.

Ашыралиев билдиргендей, ошол учурда үч адамды өзү «өлтүрдүм» деп ойлоп, ошого ишенген. Бирок учурда баштапкы берген көрсөтмөлөрүнөн баш тартууда.

Эскерте кетсек, быйыл 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда аял, уул-кызы менен (51 жаштагы аял, 2005-жылы туулган кыз жана 2014-жылы туулган бала) киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталууда. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Буга чейин ММКлар жазгандай, айыптоо тараптын версиясы боюнча, А.Канзаманова Ашыралиевди уулу жөнүндө аялына айтам деп шантаж кылгандыктан, экөөнүн ортосунда уруш чыгып турган. Ошондой эле маркум аял уулу тууралуу Ашыралиевдин аялына айтарын билдирген. Натыйжада Ашыралиев аялды жана алардын мамилеси тууралуу билген балдарды өлтүрүүнү чечкен.

Ал 15-февралда кечинде Канзаманованын үйүнө келген. Балдар уктаганы кеткенде, Канзамановага 9 жолу бычак сайган. Андан кийин анын кызынын бөлмөсүнө барып, ага бычак сайып, андан кийин муунта баштаган. Кыз өлдү деген ой менен уулунун бөлмөсүнө барган. Жаздыкты алып, баланы тумчуктуруп өлтүргөн.

Андан кийин эмне кылууну ойлонуп жатканда, кыздын бөлмөсүнөн добуш чыкканын уккан. Ал жактан кыз терезеден секирип кеткенин көрүп, анын артынан түшүп барган. Эшикке чыгып, кызды үйдүн ичине көтөрүп кирген. Андан кийин кызды ваннага салып, сууга чөктүрүп өлтүргөн.

Андан соң кылмыштын изин жашырууга киришкен: ал окуяны Канзаманова кызы менен ичимдик ичип отурганда урушуп кетип, кызы энесин өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйгандай кылып көрсөткүсү келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>