Кыргызстанда Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасма тартылууда

Кыргызстанда Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу тасма тартылууда

Кыргызстанда Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине арналган “Чолпонбай” даректүү тасмасын тартуу иштери башталды.

Долбоор КР Маданият министрлигинин колдоосу менен “Кыргызфильм” киностудиясынын буйрутмасы боюнча “Кара Кыргыз Продакшн” кинокомпаниясы тарабынан ишке ашырылууда.

Тасманы тартуу да жарым-жартылай Коргоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан каржыланат.

Тасма Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналып, кыргыз элинин эрдигин түбөлүккө калтырууга багытталган. Долбоордун режиссерлору Улан Өмүралиев менен Найзабек Сыдыков.

Белгиленгендей, учурда тизердин үстүндө иш жүрүп жатат — бул келечектеги толук метраждуу тасманын биринчи визуалдык ишке ашырылышы болот. Көркөм тасманы тартуу 2025-жылдын экинчи жарымында башталып, Кыргызстан, Беларусь жана Россиянын аймактарында уланат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>